-
Шакирттер «тынч жашай башташты»Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
-
-
12 Анания Исанын тапшырмасын дароо аткарып, бата алган. Сен да, кээде оңой болбосо да, кылдат күбөлөндүргөнгө аракет кыласыңбы? Айрымдар үйдөн үйгө же чоочун адамдарга кабар айткандан коркушат. Башкаларга болсо жумуштан, көчөдөн, телефон же кат аркылуу кабар айтуу кыйынга турат. Анания коркуу сезимин жеңип, чоң сыймыкка ээ болгон. Башкача айтканда, Шабыл ал аркылуу ыйык рух алганb. Ошондой эле ал Исага таянгандыктан жана Шабылды бир тууганы катары көргөндүктөн тапшырмасын ийгиликтүү аткарган. Биз да, Ананиядай болуп, коркуу сезимин жеңе алабыз. Ан үчүн Исанын кабар айтуу ишин жетектеп жатканына ишенишибиз, адамдарга боор ооруй билишибиз жана Шабыл сыяктуу кишилерге да болочок ишенимдешибиздей карашыбыз керек (Мт. 9:36).
-
-
Шакирттер «тынч жашай башташты»Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
-
-
b Адатта, ыйык рух элчилер аркылуу берилчү. Бирок бул жагдайда Иса Шабылга ыйык рухту Анания аркылуу берген. Шабыл Исанын жолдоочусу болгондон кийин бир топ убакытка чейин 12 элчиге жолуккан эмес. Бирок ошол убакыт аралыгында ал, сыягы, жигердүү кабар айта берген. Шабыл кабар айта алышы үчүн, Иса ага элчилерге жолукканга чейин эле Анания аркылуу зарыл күч берүүнү туура көргөн.
-