-
«Кудайдын улуу иштеринен» дем-шык алгандарКүзөт мунарасы—2002 | август 1
-
-
Иш-аракет кылууга түрткү алышкан!
4. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Жоелдин кайсы пайгамбарлыгы аткарылган?
4 Ыйык рух алгандан кийин Иерусалимдеги шакирттер бир да мүнөтүн коротпой, куткарылуу жөнүндөгү кабарды ошол эртең менен чогулгандардан тартып, башкаларга айта башташкан. Алардын кабар айтышы менен сегиз кылым мурун Петуел уулу Жоел пайгамбар айткан эң сонун пайгамбарлык аткарылган. Анда: «Мен ар бир адамдын үстүнө Өз Рухумду төгөм, уулдарыңар менен кыздарыңар пайгамбарчылык кылышат, карыяларыңар түш көрүшөт, жаш балдарыңар көрүнүш көрүшөт. Ошол күнү Мен кулдардын үстүнө да, күңдөрдүн үстүнө да Өз Рухумду төгөм... Теңирдин улуу, коркунучтуу күнү келээрдин алдында»,— деп айтылган (Жоел 1:1; 2:28, 29, 31; Элчилер 2:17, 18, 20).
5. Биринчи кылымда жашаган Ыйсанын жолдоочулары кандай мааниде пайгамбарлык кылышкан? (Шилтемени карагыла).
5 Бул Кудайдын Дөөт, Жоел, Деборага окшогон пайгамбарларды дайындап, ошолор аркылуу келечекте болуучу окуяларды айттырарын билдиреби? Жок. Ыйсаны жолдогон «уулдар менен кыздар», «кулдар» менен «күңдөр» Жахабанын руху аркылуу түрткү алышып, анын буга чейин жасаган жана келечекте жасай турган «улуу иштерин» жарыялаганы менен пайгамбарлык кылышмак. Ошентип, алар Эң Жогоркунун атынан сүйлөшмөкa. Муну эл кандай кабыл алган? (Эврейлерге 1:1, 2).
-
-
«Кудайдын улуу иштеринен» дем-шык алгандарКүзөт мунарасы—2002 | август 1
-
-
a Жахаба Муса менен Арунду өз эли үчүн фараондун алдында сүйлөөгө дайындап, Мусага мындай деген: «Мен сени фараонго Кудай кылып койдум, ал эми бир тууганың Арун сенин пайгамбарың болот» (Чыгуу 7:1). Арун келечекте болуучу окуяларды айткан пайгамбар болгон эмес, ал Мусанын атынан сүйлөө менен пайгамбарлык кылган.
-