-
«Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»«Менин жолдоочум бол»
-
-
5. Исанын терең маанини камтыган жөнөкөй ойлорунун айрымдарын айтып бер.
5 Адамдарды окутууда Иса көбүнчө терең маанини камтыган жөнөкөй, кыска ойлорду айткан. Ушундан улам анын айткан кабары маалыматты негизинен оозеки түрүндө кабыл алган угуучуларынын акылы менен жүрөктөрүнөн терең орун алган. Анын айткандарынын айрымдарын эстесеңер: «Айыпталбашыңар үчүн, мындан ары эч кимди айыптабагыла»; «дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж»; «рух сергек, ал эми дене алсыз»; «падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»; «алганга караганда берген бактылуу»b (Матай 7:1; 9:12; 26:41; Марк 12:17; Элчилер 20:35). Анын бул сөздөрдү айтканынан 2000 жылга жакын убакыт өтүп калса да, алар күнү бүгүнкүдөй таасирдүү жана эстеп калууга оңой.
-
-
«Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»«Менин жолдоочум бол»
-
-
b Элчилер 20:35те жазылган бул сөздөрдү элчи Пабыл гана цитата келтирген. Ал сөздөрдү Пабылга, кыязы, Исанын жанында жүргөндөр айткан же тирилген Исадан өзү уккан. Же болбосо ал сөздөр ага аян аркылуу айтылган болуш керек.
-