-
«Ыйык рухка толушту»Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
-
-
16. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары ишенимдештери үчүн жанын аябай турганын кантип көрсөтүшкөн?
16 Жахабанын аларга батасын бергенин айкын көрүүгө болот. Элчилер китебинен андан ары мындай дегенди окуйбуз: «Исага ишенип калгандардын бардыгы чогуу болуп, бүт нерсесин жалпы колдонуп жүрүштү. Алар өздөрүнүн жерин, бүт мүлкүн сатып, түшкөн акчаны баарына, ар кимисинин муктаждыгына жараша, бөлүп беришчү»f (Элч. 2:44, 45). Азыркы учурда да Исанын чыныгы жолдоочулары алардай болуп, жанын аябай, сүйүүсүн көрсөтүүгө умтулушат.
-
-
«Ыйык рухка толушту»Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
-
-
f Бул Кудай жөнүндө көбүрөөк билим алууну каалап, Иерусалимге бир канча убакытка калып калган жаңы шакирттердин муктаждыгын канааттандырыш үчүн уюштурулган убактылуу чара болгон. Ал чара ыктыярдуу тартуулардын негизинде ишке ашырылган. Аны коммунизмдин кайсы бир түрү менен чаташтырбоо керек (Элч. 5:1—4).
-