Бейшемби, 15-октябрь
Жахабадан сыйлыкка мурас аларыңарды билесиңер (Кол. 3:24).
Бүгүнкү күндө аксакалдар Жахабанын алардын жакшы иштерин байкаарынан жана баалаарынан шектенбесе болот. Оторду кайтаргандан, окуткандан жана кабар айткандан тышкары, көптөгөн аксакалдар курулушка катышат. Табигый кырсыктан жабыр тарткандарга да жардам беришет. Башкалары болсо Бейтаптарга баруу топторунда же Ооруканалар менен байланышуу комитеттеринде кызмат кылышат. Ушундай иштерге катышкан аксакалдар жыйналыштын Жахабага таандык экенин унутпайт. Алар өздөрүнө тапшырылган ишти жан-дили менен аткарышат жана Жахабанын аларга сыйлык береринен түк да шектенишпейт (Кол. 3:23, 24). Албетте, баары эле аксакал боло албайт. Бирок баарыбыз Жахабага бир нерсе бере алабыз. Кудайыбыз ага кызмат кылыш үчүн колубуздан келгендин баарын кылганыбызды жогору баалайт. Жахаба биздин Падышалыктын ишине берген тартуубуз, канчалык аз болбосун, байкайт. Ошондой эле бизди таарынткан ишенимдешибизди кечиргенибизди көргөндө кубанат. Жахабанын силердин колуңардан келгенин кылып жатканыңарды баалаарынан шектенбегиле. Ал силерди ошондой кичинекей нерсеңер үчүн да жакшы көрөт жана сыйлыксыз калтырбайт (Лк. 21:1—4). w24.06 23-б., 12, 13-абз.
Жума, 16-октябрь
Жүрөгүң андай аялга азгырылбасын. Анын артынан ээрчип, адашпа (Накыл 7:25).
Сулаймандын айткандары, Жахабанын кайсы кызматчысы болбосун, тузакка түшүп калышы мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Ал олуттуу күнөө кылып алгандан кийин, баары кокусунан болуп кетти деп ойлошу ыктымал. Же: «Эмне болуп кеткенин өзүм да билбей калдым»,— деши мүмкүн. Бирок кылган ишин талдай турган болсо, баары кокусунан болбогонун, ошого алып бара турган бир катар туура эмес иштерди кылганын байкамактыгы шексиз. Балким, ал Жахабаны урматтабаган адамдар менен көп сүйлөшүп же Машаяктын жолдоочуларына ылайык келбегендей жол менен көңүл ача баштагандыр. Же анча жакшы эмес сайттарга кирип же ошондой жерлерге көп барып жүргөндүр. Же болбосо тиленбей, Ыйык Китеп окубай, жыйналыштарга барбай, кызматка чыкпай калгандыр. Ошондуктан, Накыл сөздөр китебинде айтылган жигиттей болуп, аны да капысынан күнөө кылып алды дегенге болбойт. Мындан кандай сабак алсак болот? Биз күнөө кылгандан эле эмес, ага алып бара турган майда-чүйдө иштерден да качышыбыз керек. Ушуну Сулайман жаш жигит менен бузулган аял жөнүндөгү окуяны айткандан кийин баса белгилеген (Мт. 5:29, 30). w24.07 16-б., 10, 11-абз.
Ишемби, 17-октябрь
Чопо идиштей болсок да, Кудай бизге кенчтей болгон ушул кызматты тапшырган (Кор. 2-к. 4:7).
Аяттагы «кенч» деген сөз эмнени билдирет? Бул көптөрдүн өмүрүн сактаганга шарт түзгөн Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар айтуу ишин билдирет (Кор. 2-к. 4:1). Ал эми «чопо идиштерчи»? Жакшы кабар жарыялаган Кудайдын кызматчыларын билдирет. Пабылдын күндөрүндө соодагерлер тамак-аш, шарап жана акча сыяктуу баалуу нерселерди чопо кумураларга салып ташышчу. Ошол сыяктуу эле, Жахаба бизге баалуу ишти — жакшы кабар таратуу ишин — ишенип тапшырган. Ал бизге ошол ишти аткарганга күч берет. Кээде адамдардан коркушубуз же каршы чыгышса эмне кылам деп ойлоп кайратыбыз качышы мүмкүн. Андайда эмне кылсак болот? Кабар айтканга тыюу салышканда, элчилер эмне деп тиленишкенин карап көрөлү. Алар коркуп калбай, Жахабадан кайраттуулук менен кабар айта бергенге күч беришин сурашкан (Элч. 4:18, 29, 31). Жахаба аларга ошол замат жооп берген. Силер да кээде корккондуктан кабар айта албай жатсаңар, Жахабадан адамдардан коркуу сезимин сүйүү менен жеңгенге жардам беришин сурансаңар болот. w24.04 16-б., 8, 9-абз.