1 Падышалар
18 Көп убакыт өткөндөн кийин+, үчүнчү жылы, Жахаба Илияска: «Ахапка бар, анткени мен жерге жамгыр жаадырганы жатам»,— деди+. 2 Илияс Ахапка жөнөдү. Ошол убакта Самарияда ачарчылык күчөп турган эле+.
3 Ал ортодо Ахап ак сарай башчысы+ Обадияны чакыртты. (Обадия Жахабадан абдан корккон киши эле+. 4 Ошондуктан Изабел+ Жахабанын пайгамбарларын өлтүрүп жатканда+, ал 100 пайгамбарды 50 кишиден үңкүрлөргө жашырып, нан-суу менен камсыз кылып турган.)+ 5 Ахап Обадияга: «Бүт жерди, булактар менен өзөндөрдү кыдырып чык. Балким, чөбү бар жер табылып+, жылкыларыбыз менен качырларыбызды сактап каларбыз, бекер малыбыздан кол жууп калбайлы»,— деди+. 6 Ошентип, экөө жерди бөлүп алып, Ахап бир жагын, Обадия экинчи жагын кыдырганы кетишти+.
7 Обадия жолдо кетип баратканда, алдынан Илияс чыкты+. Обадия аны таанып, жүзтөмөндөп жыгылды да+: «Илияс мырзам+, бул сенсиңби?» — деп сурады. 8 Ал: «Ооба, менмин. Мырзаңа барып+: „Илияс бул жерде экен“,— деп айт»,— деди. 9 Ошондо ал мындай деди: «Кулуңду Ахаптын колуна салып берип өлтүргүдөй, мен эмне күнөө кылдым?+ 10 Жахаба Кудайың тирүү+, мырзам киши жиберип, сени издетпеген бир да эл, бир да падышалык калган жок. „Ал бул жакта жок“,— деген элге же падышалыкка ал сени тапкан жокпуз+ деп ант бердиртчү. 11 Сен болсо мага: „Мырзаңа барып: “Илияс бул жерде экен”,— деп айт“,— деп жатасың. 12 Мен сенин жаныңдан кеткенден кийин, Жахабанын руху+ сени мен билбеген жакка алып кетип калып, мен Ахапка айткандан кийин, ал сени таппай калсачы? Ал мени өлтүрүп коёт да+. Кулуң болсо жаштайынан Жахабадан коркот+. 13 Мырзам, сага менин эмне кылганымды, Изабел Жахабанын пайгамбарларын өлтүрүп жатканда, Жахабанын 100 пайгамбарын 50 кишиден үңкүрлөргө жашырып+, нан-суу менен камсыз кылып турганымды+ айтып беришкен жокпу? 14 Сен мага: „Мырзаңа барып: “Илияс бул жерде экен”,— деп айт“,— деп жатасың, ал мени өлтүрүп койбойбу!»+ 15 Бирок Илияс ага: «Мен кызмат кылган асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+ тирүү+, бүгүн мен ага барып жолугам»,— деди.
16 Обадия Ахапка барып, баарын айтып берди. Ахап Илияска жолукканы жөнөдү.
17 Илиясты көрөрү менен Ахап: «Ысрайылдын башына мүшкүл түшүргөн сенсиңби?» — деди+.
18 Илияс ага: «Ысрайылдын башына мүшкүл түшүргөн мен эмес+, сени менен сенин атаңдын үйү+, анткени силер Жахабанын осуяттарын аткарбай+, Баалдарды ээрчип кеттиңер+. 19 Эми киши жиберип, бүт Ысрайылды, Баалдын 450 пайгамбарын+, ошондой эле ыйык устунга сыйынып+, Изабелдин+ дасторконунан тамактанган 400 пайгамбарды Кармел тоосуна+ чогулт»,— деди. 20 Ахап бүт Ысрайыл уулдарына киши жиберип, Кармел тоосуна пайгамбарларды чогултту+.
21 Илияс элге жакын барып: «Качанкыга чейин эки анжы ойдо болуп, аксап жүрө бересиңер?+ Эгер Жахаба чыныгы Кудай болсо, аны ээрчигиле+. Эгер Баал чыныгы Кудай болсо, анда аны ээрчигиле»,— деди. Эл эч нерсе деп жооп берген жок. 22 Ошондо Илияс элге: «Жахабанын пайгамбарларынан мен эле калдым+, ал эми Баалдын 450 пайгамбары бар. 23 Бизге эки букачар беришсин. Алар букачарлардын бирин тандап, аны бөлүп-бөлүп, отундун үстүнө коюшсун, бирок от жагышпасын. Мен да берки букачарды бөлүп, отундун үстүнө коём, мен да от жакпайм. 24 Силер өзүңөрдүн кудайыңардын ысмын чакыргыла+, мен болсо Жахабанын ысмын чакырам. Кимиси от жиберип+ жооп берсе, ошонусу — чыныгы Кудай»+,— деди. Ошондо бүт эл: «Мейли, ошондой кылалы»,— деди.
25 Илияс Баалдын пайгамбарларына: «Силер көп эмессиңерби, ошон үчүн силер биринчи болуп букачарлардын бирин тандап, аны бөлүп-бөлүп даярдагыла. Анан кудайыңардын ысмын чакыргыла, бирок от жакпагыла»,— деди. 26 Алар ал берген букачарды алып, аны бөлүштү да, эртең мененден баштап түшкө чейин: «Баал, бизге жооп бер!» — деп, Баалдын ысмын чакырышты. Бирок эч кандай үн угулган жок+. Алар өздөрү курган курмандык жайын айланып секирип жүрүштү. 27 Түшкө жакын Илияс аларды шылдыңдап+: «Үнүңөрдү болушунча катуу чыгарып кыйкыргыла, ал кудай эмеспи+, балким, колу бошобой жаткандыр же дааратканага кирип кеткендир+. Же балким, уктап жаткандыр, анда аны ойготуш керек!» — деди+. 28 Алар болушунча катуу кыйкырып, өздөрүнүн адаты боюнча дене мүчөлөрүн кан аккыча бычак менен кескилеп+, найза менен сайгылай башташты. 29 Ошентип, түш ооду, алар болсо өздөрүн дагы эле пайгамбар кылып көрсөтүп жатышты+. Нан курмандыгы алынып келчү маалга чейин ошентишти. Бирок эч кандай үн угулган жок, эч кандай жооп да болгон жок+.
30 Ошондо Илияс бүт элге: «Мага жакын келгиле»,— деди. Алар жакын барышты. Илияс Жахабанын бузулуп жаткан курмандык жайын кайра курду+. 31 Ал: «Сенин атың Ысрайыл болот»+,— деп Жахаба айткан Жакыптын уулдарынан тараган уруулардын санына жараша он эки таш алып+, 32 Жахабанын ысмына арнап+ курмандык жайын курду да+, аны тегерете эки сата* үрөн себиле тургандай жерге чуңкур казды. 33 Анан отундарды койду да+, букачарды бөлүп-бөлүп, отундардын үстүнө коюп: «Төрт чоң кумурага толтура суу алып келип, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен отундардын үстүнө куйгула»,— деди. 34 Андан кийин: «Дагы ушинткиле»,— деди. Алар ошентишти. Ал: «Дагы бир жолу ушинткиле»,— деди. Алар үчүнчү жолу ошентишти. 35 Суу курмандык жайынын туш тарабынан ага баштады. Ал чуңкурга да суу толтурду.
36 Нан курмандыгы алынып келчү маал болгондо+, Илияс пайгамбар курмандык жайына жакын келип: «Оо, Ыбрайымдын+, Ыскактын+, Ысрайылдын Кудайы Жахаба+, бүгүн баары сенин Ысрайылда Кудай экениңди+, менин сенин кызматчың экенимди жана ушунун баарын сенин айтканың боюнча кылганымды билишсин+. 37 Оо, Жахаба, үнүмдү уга көр, бул эл сенин чыныгы Кудай экениңди+, алардын жүрөгүн өзүңө буруп жатканыңды билиши үчүн+, оо, Жахаба, мага жооп бере көр»,— деди.
38 Ошондо Жахабадан от түшүп+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты+, отундарды, таштарды, топуракты жана чуңкурдагы сууну жалмап кетти+. 39 Муну көргөн эл жүзтөмөндөп жыгылып+: «Жахаба — чыныгы Кудай! Жахаба — чыныгы Кудай!» — деди. 40 Илияс аларга: «Баалдын пайгамбарларын кармагыла, бири да качып кетпесин!» — деди. Аларды ошол замат кармашты. Илияс аларды Кишон өзөнүнө+ алып барып, өлтүрүп салды+.
41 Андан кийин Илияс Ахапка: «Бар да, ичип-же+, анткени нөшөрдүн дабышы угулуп жатат»,— деди+. 42 Ахап ичип-жегени кетти. Илияс болсо Кармел тоосунун чокусуна чыгып, чөгөлөп+, башын эки тизесинин ортосуна, жерге тийгизди+. 43 Анан кызматчысына: «Өйдө чыгып, деңиз жакты карап келчи»,— деди. Ал барып, карады да: «Эч нерсе жок экен»,— деп келди. Илияс ага: «Дагы барып, карап кел»,— деди. Ошентип, аны жети жолу жиберди+. 44 Жетинчи жолу барып келгенден кийин ал: «Деңиз жактан алакандай булут көтөрүлүп келатат»,— деди+. Илияс ага: «Эми барып, Ахапка: „Арабаңды чегип+, нөшөргө калып калбаш үчүн тезинен жөнө“,— деп айт»,— деди. 45 Аңгыча асманды кара булут каптап, шамал согуп+, жаан нөшөрлөп жаай баштады+. Ахап болсо арабасы менен Изреилге+ кетип баратты. 46 Жахабанын колу Илиястын үстүндө болду+. Ал кийиминин этегин куруна кыстарып алып+, Изреилге жетер-жеткиче Ахаптын алдында чуркап барды+.