Маскил. Асаптын забуру+.
78 Оо, элим, менин мыйзамыма кулак сал+,
Оозуман чыккан сөздөргө кулак төшө+.
2 Менин оозуман накыл сөздөр чыгат+,
Байыркы табышмактар куюлат+.
3 Ошол уккан-билгендерибизди+,
Ата-бабаларыбыздын айтып бергендерин баяндайм+.
4 Биз аларды урпактарынан жашырбайбыз+,
Келерки муунга айтып беребиз+,
Жахабанын даңкын, күчүн+,
Жасаган ажайып иштерин жарыялайбыз+.
5 Ал Жакыпка насаат+,
Ысрайылга мыйзам берген+,
Балдарына үйрөтүүнү осуят кылып+,
Ата-бабаларыбызга буйруктарын берген+.
6 Аларды келерки муун, төрөлө турган балдар билиши үчүн+,
Алар да өз балдарына айтып бериши үчүн+,
7 Алар Кудайга таянышы үчүн+,
Анын иштерин унутпай+, осуяттарын сакташы үчүн+,
8 Өздөрүнүн ата-бабаларындай болбошу үчүн, буйруктарын берген+.
Алардын мууну өжөр, козголоңчул+,
Руху менен Кудайга берилбеген+,
Жүрөгүн даярдабаган муун болгон+.
9 Эпрайым уулдары куралданып, жаа тартышса да+,
Салгылаш күнү артын көздөй качышкан+.
10 Алар Кудайдын келишимин сакташкан эмес+,
Анын мыйзамы боюнча жашашкан эмес+.
11 Ошондой эле анын эмнелерди кылганын+,
Көрсөткөн ажайып иштерин унута башташкан+.
12 Кудай алардын ата-бабаларынын көз алдында+
Мисир жеринде+, Соан талаасында+ кереметтерди көрсөткөн.
13 Ал деңизди экиге бөлүп, аларды өткөргөн+,
Сууларды тосмодой кылып тургузган+.
14 Күндүз аларды булут менен+,
Түнкүсүн оттун жарыгы менен жетектеп жүргөн+.
15 Чөлдөн аскаларды жарып+,
Суу туңгуюктарынан ичиргендей алардын суусунун кандырган+.
16 Ал зоокадан суу агымдарын чыгарган+,
Сууну дайрадай агызган+.
17 Бирок алар какшыган жерде Эң Жогорку Кудайга каршы чыгып+,
Анын алдында ого бетер күнөөгө бата беришкен+,
18 Өздөрүнүн жанына жаккан тамакты сурап+,
Жүрөктөрүндө Кудайды сынашкан+.
19 Алар Кудайга каршы сүйлөй башташкан+,
«Кудай чөлдө дасторкон жая алабы?» — дешкен+.
20 Ал асканы чапканда+,
Суулар агып, суу агымдары оргуштаган+.
Алар болсо: «Ал нан да бере алабы+,
Элине тамак камдай алабы?» — дешкен+.
21 Муну Жахаба угуп, катуу каарданган+,
Жакыпка от түшүргөн+,
Ысрайылга ачууланган+.
22 Анткени алар Кудайга ишеним артышкан эмес+,
Анын куткарарына ишенишкен эмес+.
23 Ал булуттуу асманга буйрук берип,
Асман эшиктерин ачкан+.
24 Элине жегенге манна жаадырган+,
Асмандан азык берген+.
25 Адамдар кубаттуулардын нанын жешкен+,
Кудай аларга тоюшунча тамак берген+.
26 Асманда чыгыш шамалын соктурган+,
Күчү менен түштүк шамалын үйлөгөн+.
27 Аларга тамакты чаңдай+,
Канаттууларды деңиз кумундай жаадырган+.
28 Аларды өз конушунун ортосуна+,
Чатырларынын айланасына түшүргөн+.
29 Алар жеп, аябай тоюшкан+,
Кудай аларга каалаганын берген+.
30 Бирок ооздорундагы тамагын жута электе+
Андан да көптү көксөшкөн.
31 Ошондо Кудай аларга каарданып+,
Күчтүүлөрүн өлтүрө баштаган+,
Ысрайылдын жигиттерин сулаткан.
32 Ошонун баарына карабай, алар күнөө кыла беришкен+,
Анын ажайып иштерине ишенишкен эмес+.
33 Андыктан Кудай алардын өмүр жылдарын коркунуч менен өткөзгөн,
Алардын күндөрү дем сыяктуу түгөнгөн+.
34 Кудай аларды өлтүргөндө, ага кайрадан кайрылышкан+,
Кайрылып келип, Кудайды издешкен+.
35 Кудайдын өздөрүнүн Аска-зоосу экенин+,
Эң Жогорку Кудайдын өздөрү үчүн өч аларын эстешкен+.
36 Алар аны ооздору менен алдоого+,
Ага тилдери менен калп айтууга аракет кылышкан+.
37 Жүрөктөрү анын алдында туруктуу болгон эмес+,
Анын келишимине ишенимдүү бойдон калышкан эмес+.
38 Бирок ал кайрымдуулук кылган+, алардын күнөөлөрүн кечирген+, аларды кырып таштаган эмес+,
Көп жолу каарын кайт кылган+,
Бүт жаалын чачкан эмес.
39 Кудай алардын тек гана пенде экенин+,
Алардын руху чыгып, кайрылып келбей турганын унуткан эмес+.
40 Алар чөлдө ага каршы канча жолу козголоң чыгарышкан+,
Ээн талаада канча жолу көңүлүн оорутушкан!+
41 Кудайды кайра-кайра сынашкан+,
Ысрайылдын Ыйыгын кейитишкен+.
42 Алар анын күчтүү колун+,
Душмандан куткарган күнүн унутуп коюшкан+.
43 Мисирде көрсөткөн жышаандарын+,
Соан талаасындагы кереметтерин+,
44 Алар суу иче албай калышы үчүн+,
Нил дарыясынын чоң арыктарын канга айлантканын унутуп коюшкан+.
45 Кудай аларды чактырыш үчүн көгөөндөрдү+,
Ойрон кылыш үчүн бакаларды жиберген+.
46 Түшүмдөрүн коңуздарга,
Мээнетин чегирткелерге жедирген+.
47 Алардын жүзүм сабактарын мөндүр менен+,
Анжир дарактарын добул менен талкалаган+.
48 Жүк ташыган жаныбарларын мөндүр менен+,
Малын катуу оору менен кырган.
49 Аларга кайнаган каарын төккөн+,
Жаалын, өкүмүн, алааматын көрсөткөн+,
Баарын кыйратууга периштелеринин кошуундарын жиберген+.
50 Ал өзүнүн каарына жол даярдаган+,
Алардын жанын өлүмдөн сактаган эмес,
Жугуштуу ооруга чалдыктырган+.
51 Акырында Мисирдеги бардык тун балдарды+,
Хам чатырларындагы тукум улоочу күчтүн башталышын кырган+.
52 Анан өз элин койлордой кылып алып чыккан+,
Аларды чөлдө отордой кылып жетектеген+,
53 Коопсуз алып жүргөн, алар эч нерседен коркушкан эмес+,
Душмандары болсо деңизге көмүлгөн+.
54 Аларды өзүнүн ыйык жерине+,
Оң колу менен ээ болгон ушул тоолуу аймакка алып келген+.
55 Башка элдерди алардын алдынан бара-бара кууп чыккан+,
Аларга ченегич жип менен мурас бөлүп берген+,
Ысрайыл урууларын үйлүү-жайлуу кылган+.
56 Бирок алар Эң Жогорку Кудайга каршы чыгып, аны сынай башташкан+,
Анын насааттарына карманышкан эмес+.
57 Ата-бабаларына окшоп, артына кетишкен, ишенимсиздик кылышкан+,
Тээги бош жаадай бузулушкан+.
58 Бийик жерлери менен Кудайга акарат кылышкан+,
Аны оюп жасалган буркандары менен кызгантышкан+.
59 Кудай көрүп+, катуу каарданган+,
Ысрайылдан жийиркенип калган+.
60 Акырында Шилодогу ыйык чатырды+,
Пенделердин арасындагы чатырын таштап кеткен+.
61 Ал өзүнүн күчүн туткунга+,
Көркүн душмандын колуна салып берген+.
62 Элин кылыч мизине алдырган+,
Мурасына каарданган+.
63 Жигиттерин от жалмаган,
Кыздары нике ырын укпай калышкан+.
64 Дин кызматчылары кылычтан кырылышкан+,
Алардын жесирлери ыйлашкан эмес+.
65 Ошондо Жахаба уйкудан ойгонгондой ойгонгон+,
Шараптан соолуккан жоокердей ойгонгон+.
66 Ал качып бараткан душмандарына сокку урган+,
Аларды түбөлүккө маскара кылган+.
67 Жусуптун чатырын четке каккан+.
Ал Эпрайым уруусун тандаган эмес+,
68 Жүйүт уруусун+,
Өзү сүйгөн Сион тоосун тандап алган+.
69 Ыйык жайын бийик чокулардай+,
Түбөлүккө түптөлгөн жердей кылып тургузган+.
70 Кызматчысы Дөөтүнү тандап+,
Аны кой короолордон алып чыккан+.
71 Козулуу койлордун артынан жүргөндө+,
Аны эли Жакыпты+,
Мурасы Ысрайылды кайтартуу үчүн алып келген+.
72 Дөөтү аларды таза жүрөк менен кайтарган+,
Жөндөмдүү колу менен жетектеп жүргөн+.