Накыл сөздөр
18 Башкалардан бөлүнгөн өзүмчүл каалоолоруна жетеленет+, акылмандыктын баарына каршы чыгат+.
2 Акылсызды кыраакылык кубандырбайт+, ал өз жүрөгүндөгүсүн гана билдиргиси келет+.
3 Ыймансыздын келиши менен жек көрүү да келет+, кадыр-барктын түшүшү менен шылдың келет+.
4 Адамдын оозунан чыккан сөздөр — терең суулар+. Акылмандыктын башаты — кайнар булак+.
5 Сотто ыймансызга бет карамалык кылуу да+, адил адамды четке кагуу да жакшы эмес+.
6 Акылсыздын тили урушка аралашат+, оозу муштум жедирет+.
7 Акылсыздын оозу — өзүнө өлүм+, тили — жанына жайылган тор+.
8 Жалаачынын сөзү даамдуу тамактай+, ал адамдын ичине сиңет+.
9 Ишин илең-салаң аткарган+ — бүлдүргүчтүн бир тууганы+.
10 Жахабанын ысмы — бекем мунара+. Ага адил адам качып кирип, коопсуз болот+.
11 Байдын мүлкү — анын бекем шаары+; ал ага бийик чептей көрүнөт+.
12 Жыгылар алдында адамдын жүрөгү текеберденет+, ал эми момундук даңкка жеткирет+.
13 Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе+, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат+.
14 Адамдын руху ооруну көтөрүүгө жардам берет+, бирок рух жараланган болсо, аны ким көтөрө алат?+
15 Түшүнө билген адамдын жүрөгү билимге ээ болот+, акылмандардын кулагы билим издейт+.
16 Белек адамга кенен жол ачат+, ал анын аркасы менен атактуу адамдардын да алдына барат+.
17 Сот ишин ким биринчи баштаса, ошонуку туура+. Бирок атаандашы келет да, чын-төгүнүн текшерет+.
18 Өкчөмө таш талаш-тартышты токтотуп+, күчтүүлөрдүн ортосундагы чырды чечет+.
19 Ыза көргөн бир тууган чептүү шаардан да бекем+; чептин дарбазасынын бекиткичиндей болгон келишпестиктер да болот+.
20 Адамдын карды өз оозунун жемишине тоёт+, ал өз тилинин түшүмүнө тоёт+.
21 Өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде+, аны жакшы көргөндөр анын жемишинен жейт+.
22 Ким жакшы аял тапса+, ал ырыс тапты+, Жахабанын ырайымына ээ болду+.
23 Жакыр жалбарып сүйлөйт+, ал эми бай орой жооп берет+.
24 Бири-бирин тытып жибергиси келген курбулар бар+, бирок бир туугандан да жакын дос болот+.