Накыл сөздөр
19 Кынтыксыз жүргөн жакыр киши кууланып сүйлөгөн адамдан жана акылсыздан+ өйдө+.
2 Жандын билимсиз болушу жакшы эмес+; буту шашма күнөөгө батат+.
3 Адамдын акылсыздыгы жолунан адаштырат+, ал эми жүрөгү Жахабага каарданат+.
4 Байлык дос көбөйтөт+, ал эми кедей досунан да ажырайт+.
5 Жалган күбө жазасыз калбайт+, калп айткан киши аман калбайт+.
6 Аттуу-баштууга жагууну каалагандар көп+, белек бергенге баары дос+.
7 Жакырды бир туугандарынын баары жек көрөт+, достору андан ого бетер оолактайт+. Аларга сүйлөйүн десе — бири да жок+.
8 Акылдуу жүрөккө ээ болууга умтулган+ өз жанын жакшы көрөт. Кыраакылыкты сактаган жакшылык табат+.
9 Жалган күбө жазасыз калбайт+, калп айткан киши өлүмгө дуушар болот+.
10 Акылсызга бардар жашоо жарашпайт+. Кулга төрөлөрдү башкаруу андан бетер жарашпайт!+
11 Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат+, анын көркү айыпка маани бербегенинде+.
12 Падышанын каары жалдуу жаш арстандын арылдаганындай+, ал эми анын жактыруусу чөп үстүндөгү шүүдүрүмдөй+.
13 Акылсыз уул — атасынын шору+, ал эми ажаан аял, тешик чатырга окшоп, кишини сыртка качырат+.
14 Аталардан калган мурас — үй менен байлык+, ал эми эстүү аял Жахабадан+.
15 Жалкоолук катуу уйкуга салат+, шалаакы жан ачка калат+.
16 Осуятты сактаган жанын сактайт+, ал эми өз жолуна кайдыгер караган өлүм жазасына тартылат+.
17 Бей-бечарага жакшылык кылган Жахабага карыз берет+, ал анын жакшылыгынын акыбетин кайтарат+.
18 Үмүт барда уулуңду жазала+, жаның анын өлүмүн тилебесин+.
19 Ачуусу чукул адам жаза пул төлөйт+. Аны куткарсаң, кайра-кайра ошентесиң+.
20 Келечекте акылман болуш үчүн+, кеңешке кулак салып, акыл-насаатты кабыл ал+.
21 Адамдын жүрөгүндө көп ой-максат бар+, бирок Жахаба эмнени ниет кылса, ошол орундалат+.
22 Адамдагы баалуу сапат — анын мээримдүүлүгү+. Жакыр киши жалганчыдан артык+.
23 Жахабадан коркуу өмүргө алып барат+. Ким андан корксо, тынч уктайт+, аны жамандык баспайт+.
24 Жалкоо колун табакка салат+, бирок кайра оозуна жеткире албайт+.
25 Тажрыйбасыз баамчыл болушу үчүн+, шылдыңчылды ур+; түшүнүгү бар киши билимге ээ болушу үчүн, аны ашкереле+.
26 Уяты жок, жүзү кара уул+ атасына жаман мамиле кылат, энесин кууп чыгат+.
27 Уулум, акыл-насаатты укпай койсоң, билим камтылган сөздөрдөн четтейсиң+.
28 Бузуку күбө адилеттүүлүктү мазактайт+, ыймансыздардын оозу кыянаттыкты жутат+.