Ышая
35 Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат+, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт+. 2 Ал гүлдөп+, сүйүнөт, кубанычтуу үн салат+. Ага Лебанондун даңкы, Кармел+ менен Шарондун+ көркү берилет+. Ал жерде Жахабанын даңкын+, Кудайыбыздын көркүн көргөндөр болот+.
3 Алсыраган колдорду, титиреген тизелерди чыңдагыла+. 4 Жүрөгү санаага баткандарга+: «Кайраттуу болгула+, коркпогула+. Мына, Кудайыңар өч алыш үчүн келет+, Кудай жазалаш үчүн келет+. Ал келип, силерди куткарат»+,— дегиле.
5 Ошол убакта сокурлардын көзү ачылат+, дүлөйлөрдүн кулагы угат+. 6 Аксак бугудай секирет+, дудуктун тили кубанычтуу үн салат+. Анткени чөлдө суу, чөлдүү түздүктө суу агымдары оргуштайт. 7 Куйкаланган жер камыштуу көлмөгө, какшыган жер суу булактарына айланат+. Чөөлөрдүн турагында+, алар эс алган жерде көк чөп, камыш, папирус өсөт+.
8 Ал жерде чоң жол болот+, аны Ыйыктык жолу деп аташат. Ал жол менен таза эместер баспайт+, татыктуулар гана басат. Акылсыздар ал жолдо адашып жүрбөйт. 9 Ал жерде арстан болбойт, жырткыч жүрбөйт+. Бири да кезикпейт+, ал жакта кун менен сатылып алынгандар гана жүрөт+. 10 Жахаба куткаргандар кайтып келишет+, Сионго кубанычтуу үн салып келишет+, алардын башына түбөлүккө кубаныч конот+. Алар шаттанышат, кубанышат; кайгы менен үшкүрүк жок болот+.