Ышая
36 Хиския падышанын башкаруусунун он төртүнчү жылында Ашур падышасы+ Сенхейрип+ Жүйүт жеринин бардык чептүү шаарларына кол салып, аларды басып ала баштады+. 2 Ашур падышасы рапшакты*+ Лакиштен+ Иерусалимге+, Хиския падышага көп аскер менен жөнөттү. Рапшак кир жуугандардын талаасына кеткен чоң жолдун боюна+, жогорку көлмөдөн+ башталган куурдун*+ жанына келип токтоду. 3 Ошондо аны падыша үйүнүн башчысы Хилкия уулу Элиаким+, катчы Шебна+, жылнаамачы+ Асап уулу+ Жоах+ тосуп чыкты.
4 Рапшак аларга мындай деди: «Хискияга айткыла: „Улуу падыша+, Ашур падышасы+, мындай дейт: “Сен деги эмнеге таянып жатасың?+ 5 Сен: “Согушуу үчүн менде акыл да, күч да бар”,— деп жатасың+, бирок аның — болбогон сөз. Мага каршы чыккыдай кимге таянып жатасың?+ 6 Сен тигил сынык камышка+, Мисирге+, таянып жатасыңбы? Ким ага таянса, ал анын алаканына кирип, тешип кетет. Фараон+, Мисир падышасы, ага таянгандардын баарына ушинтет+. 7 Сен мага: “Биз Кудайыбыз Жахабага таянабыз”,— дейттирсиң. Бирок Хиския Жүйүт жери менен Иерусалимге: “Ушул курмандык жайынын алдында таазим кылгыла” — деп+, Кудайыңардын бийик жерлери+ менен курмандык жайларын талкалап таштабады беле?”“+ 8 Ошондуктан менин мырзам менен, Ашур падышасы+ менен, мелдешип көр+: мен сага 2 000 ат берейин, мингенге чабандес таба алар бекенсиң, көрөлү+. 9 Мисирдин майдан арабалары менен атчандарына таянсаң, анда мырзамдын эң төмөн турган кулдарынын+ бир башкаруучусуна кантип туруштук бере аласың?+ 10 Мени бул жерди кыйратканы Жахабанын эркисиз келди дейсиңби?+ „Ошол жерге барып, аны кыйрат“,— деп мага Жахаба өзү айткан»+.
11 Ошондо Элиаким+, Шебна+, Жоахтар+ рапшакка+: «Суранабыз, кулдарыңа сирия тилинде+ эле сүйлө, биз түшүнөбүз, дубалдын үстүндөгү элге+ угуза жүйүттөрдүн тилинде сүйлөбө»,— дешти+. 12 Бирок рапшак: «Мырзам мени бул сөздөрдү мырзаңар менен силерге эле айтыш үчүн жиберди дейсиңерби? Жок, ал мени дубалдын үстүндө отурган кишилерге да жиберди. Алар силер менен кошо өз заңын жеп, өз заарасын ичет»,— деди+.
13 Анан рапшак жүйүт тилинде мындай деп катуу кыйкырды+: «Улуу падышанын, Ашур падышасынын, сөздөрүн уккула+. 14 Падыша мындай дейт: „Хискияга алданбагыла+, анткени ал силерди куткара албайт+. 15 “Бизди Жахаба куткарат+. Бул шаар Ашур падышасынын колуна салынып берилбейт”+,— деп силерди Жахабага таянууга үндөгөн Хискияга ишенбегиле+. 16 Аны укпагыла, анткени Ашур падышасы мындай дейт: “Багынып, мен тарапка өткүлө+. Ар бириңер өз жүзүм сабагыңардын, өз анжир дарагыңардын жемишин жегиле+, өз кудугуңардан суу ичкиле+. 17 Анан мен келем да, силерди өзүңөрдүкүндөй жерге, дан менен жаңы шарап, нан менен жүзүмзарлар бар жерге алып кетем+. 18 Хиския силерди: “Бизди Жахаба куткарат”,— деп азгырбасын+. Башка элдердин кудайлары өз жерлерин Ашур падышасынын колунан сактап кала алдыбы?+ 19 Хамат+ менен Арпаттын+ кудайлары кайда? Сепарбайымдын+ кудайлары кайда? Алар менин колумдан Самарияны сактап кала алдыбы?+ 20 Ошол жерлердин кудайларынын арасынан кайсынысы өз жерин менин колумдан сактап калды?+ Анан кантип Жахаба Иерусалимди менин колумдан сактап калсын?”“»+.
21 Бирок алар унчугушкан жок, ага эч кандай жооп кайтарышкан жок+, анткени падыша: «Ага жооп бербегиле»,— деп буйрук кылган эле+. 22 Падыша үйүнүн башчысы+ Хилкия уулу Элиаким+, катчы Шебна+, жылнаамачы Асап уулу Жоах+ Хискияга айрылган кийимдери+ менен келип, рапшактын+ сөздөрүн айтып беришти.