13 Мырзам, сага менин эмне кылганымды, Изабел Жахабанын пайгамбарларын өлтүрүп жатканда, Жахабанын 100 пайгамбарын 50 кишиден үңкүрлөргө жашырып+, нан-суу менен камсыз кылып турганымды+ айтып беришкен жокпу?
4Пайгамбар уулдарынын+ биринин аялы Элишага келип: «Кулуңдун, күйөөмдүн, көзү өтүп кетти. Анын Жахабадан корккон киши болгонун жакшы билесиң+. Бизге карыз берген киши+ келип, эки баламды кул кылганы алып кеткени жатат»,— деп ыйлай баштады.