10-БӨЛҮМ
Эмне үчүн досум ушинтти?
«Кэрри эң жакын досум болчу. Анын машинеси жок болгондуктан, мен аны күнүгө жумуштан үйүнө жеткирип койчумун. Бирок кийинчерээк анын мени жөн эле колдонуп жүргөнүн байкай баштадым.
Ал машинеге отурары менен телефон менен сүйлөшүп же SMS жазып, мени жеке шопурундай көрүп калган. Ал бир да жолу рахмат деп айткан жок. Кийин майга да акча бербей калды. Ар кимди жамандап, кыйкымчыл боло баштады. Ошондо: „Эмнеге мен буга чыдап жүрөм“,— деп өзүмө жиним келчү.
Бир күнү Кэрриге аны экинчи жеткире албай турганымды сылык айттым. Ошондон кийин анын мага болгон мамилеси таптакыр сууп калды. Көрсө, ал мени менен пайда көрүш үчүн эле дос болуп жүрүптүр. Андан көңүлүм калып калды». Николь
МЫНДАЙ нерсе атүгүл эң жакын достордун ортосунда да болушу мүмкүн. Бүгүн эгиз козудай ээрчишип жүргөн достор, эртең жүз карашпай калат. Эмне үчүн жан кыйышпас достордун да ынтымагы ыдырап кетет?
● Жереми деген бир бала, кан досу алыс жакка көчүп кеткенде, жарымынан айрылгандай эле болгон. «Ал кеткенден бери бир да жолу чалып койгон жок. Ошондон кийин көңүлүм сууп калды»,— дейт Жереми.
● Кэрин деген кыз беш жылдан бери дос болуп келген эң жакын досунун өзгөрүлүп баратканын байкай баштаган. Ал мындай дейт: «Убакыттын өтүшү менен дос кызымдын маанайы, сүйлөгөнү башкача болуп калды. Мен үчүн маанилүү болгон нерселерди сындай берчү болду. Бир жолу аны менен ушулар жөнүндө сүйлөшөйүн деп кеп козгосом, ал: „Кыйынсына бербечи, сени дос деп жүрсө... сен менен дос болгондон пайда жок экен“,— деп кагып салды».
● Глория деген бир кыздын досу эчтеке айтпай-дебей эле аны менен болгон мамилесин үзүп койгон. Глория мындай дейт: «Башында экөөбүз жан кыйышпас достордон элек. Ал мага: „Мен сени бир тууганымдай көрөм“,— дечү. Анан эле болор-болбос шылтоолорду айтып, менден кача баштады».
● Дарья деген кыз Лаура деген дос кызынын жигитин тартып алганда, Дарья экөөнүн ортосунан от чыккан. Лаура мындай дейт: «Менин ал жигит менен сүйлөшүп жүргөнүмдү билсе да, Дарья аны менен бир нече саат бою телефон менен сүйлөшө берчү. Мени эң жакын досум сатып кетти, болочок жарымдан да айрылдым».
Эмне себеп болду?
Жаңылбаган адам болбойт. Ошондуктан эртеби-кечпи, досуң сөзү менен же кылган иши менен көңүлүңдү оорутуп алышы мүмкүн. Чынын айтканда, сенин деле кимдир бирөөнү таарынтып алган учурларың болот (Насаатчы 7:22). Лиза деген кыз мындай деп ой бөлүшөт: «Баарыбыз тең жаңылабыз. Андыктан бирде болбосо, бирде башкаларды таарынтып алабыз». Бирок түшүнбөстүктөр болуп кеткенде аларды ачык сүйлөшүп эле чечип алса болот.
Кээде болсо достордун ортосундагы «жарака» бир заматта эле пайда боло калбайт. Ага убакыттын өтүшү менен эки адамдын көз карашынын, ой жүгүртүүсүнүн эки башка калыптанганы себеп болушу мүмкүн. Чоңойгон сайын сенин да, досуңдун да кызыккан нерселери өзгөрөрүн унутпа. Анда экөөңөрдүн мамилеңер сууп баратса, эмне кылсаң болот?
Ыдырап кеткен мамилени кантип бириктирсе болот?
Жакшы көргөн кийимиң айрылып калса, эмне кылат элең? Ыргытып салат белең же жамап көрөт белең? Көп нерсе кийимдин канчалык айрылганынан жана аны канчалык жакшы көрөрүңөн көз каранды. Жакшы көргөн кийимиңди ыргытып жибербейсиң, тескерисинче, айрылган жерин билгизбей тигип же жамап койгонго аракет кыласың. Ошо сыяктуу эле, ыдыраган мамилени да «тигип» койсо болот. Көп нерсе ортоңордо кандай келишпестик болгонунан жана досуң менен болгон мамилеңди канчалык баалай турганыңдан көз карандыa.
Эгерде досуң сага катуу тийген сөз айтса же бир нерсе кылып таарынтса, Забур 4:4төгү кеңешке ылайык иш кылганың дурус. Ал жерде: «Сөзүңөрдү төшөктө жатканда ичиңерден айтып алгыла да, унчукпагыла»,— деп жазылган. Андыктан досуң менен мамилеңди үзөрдөн мурун жакшылап ойлон. Балким, ал сени атайлап деле таарынткан эместир. Анын атайлап кылганын билбесең, дароо эле ал жөнүндө жаман ойлоп киргениң туура болот беле? Көп учурда «көп күнөөлөрдү» сүйүү менен жаап койсо болот (1 Петир 4:8).
Балким, досуң экөөңөрдүн ортоңордогу келишпестикке кандайдыр бир деңгээлде өзүң себепкер болуп жаткандырсың. Мисалы, досуң сырыңды башкаларга ачып салды дейли. Анда ага сырыңды башында эле айтпай койгонуң жакшы болмоктур. Же досуң сени аркы-беркини ойлонбой сүйлөй бергениң үчүн көп шылдыңдайттыр (Накыл сөздөр 15:2). Эгер ушундай болсо: «Досум мени көбүрөөк сыйлашы үчүн эмнемди өзгөртүшүм керек?» — деп ойлонуп көр.
Ачык сүйлөш
Досуңдун сени таарынтканына көз жумуп коё албай жатсаңчы? Анда досуң менен ачык сүйлөш. Бирок кыжырың келип турганда сүйлөшпөй эле койгонуң оң. Ыйык Китепте: «Ачууга алдырган киши уруш чыгарат, ал эми ачууланганга шашпаган киши чатакты басат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 15:18). Андыктан келишпестикти ачууң тарагандан кийин чечкенге аракет кыл.
Досуң менен сүйлөшүп жатканда максатың «жамандыкка жамандык менен жооп берүү» эмес, көйгөйдү чечип, досуң менен болгон мамилеңди калыбына келтирүү экенин унутпа (Римдиктер 12:17; Забур 34:14). Досуңа жүрөгүңдөгүнү ачык айт. Мисалы, мындай десең болот: «Экөөбүз бир топ убакыттан бери доспуз. Сени менен болгон достугумду жогору баалайм. Ошон үчүн ортобуздагы келишпестик жөнүндө сүйлөшөйүн дедим эле». Эгер көйгөйдүн себебин билсең, ыдыраган мамилени «тигүү» оңоюраак болот. Досуң кылган аракетиңе эч кандай жооп кайтарбаса да, мамилеңерди оңдош үчүн колуңан келгенди кылгандыктан жүрөгүң тынчып калат.
Айрым достор «бири-бирин тытып жибергиси келет», «бирок бир туугандан да жакын достор» болот (Накыл сөздөр 18:24). Анткен менен кээде бекем достук да солгундашы мүмкүн. Андай учурда достугуңду сакташ үчүн колуңан келгендин баарын кыл. Мамилеңерди калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканың сенин чоңоюп, жетилип баратканыңды көрсөтөт.
БУЛ ТУУРАЛУУ 1-ТОМДУН 8-БӨЛҮМҮНӨН КӨБҮРӨӨК БИЛЕ АЛАСЫҢ
Айрым өспүрүмдөр Интернет аркылуу баарлашууга аябай кызыгышат. Эмне үчүн?
[Шилтеме]
a Балким, айрымдар менен мамилени үзүү туура болоттур. Өзгөчө, алардын жүрүм-туруму Ыйык Китептеги нормаларга каршы келгенде ушундай кылуу акылдуулукка жатат (1 Корунттуктар 5:11; 15:33).
НЕГИЗГИ ОЙЛОРДУ БАСА БЕЛГИЛЕГЕН АЯТ
«Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула» (Римдиктер 12:18).
КЕҢЕШ
Жыйынтык чыгарууга шашылба. Алгач досуңдун оюн угуп көр (Накыл сөздөр 18:13).
БИЛЕСИҢБИ?
Жакшы достор бири-биринин эркиндигин чектебейт (Накыл сөздөр 25:17). Досуңдун сага эле көңүл бурушун, убакыт бөлүшүн талап кыла берсең, мамилеңер бекемделбей эле, бузулат.
ПЛАН ТҮЗҮП АЛ
Таарынткан досум менен сүйлөшүүнү чечсем, мындай дейм: ․․․․․
Досум таарынтканда, тынчтыкты сакташ үчүн мен ․․․․․
Ата-энеме бергим келген суроолор: ․․․․․
КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?
● Эмне үчүн кээде достордун ортосунда келишпестик пайда болот?
● Кайсы таарынычтарды унчукпай эле кечирип коё алат элең, ал эми кайсыларын сүйлөшүп чечишип алат элең?
● Досуң сени таарынтканда, эмнелерге үйрөнсөң болот?
● Досуңа таарынбаш үчүн өзүң кандай болушуң керек?
[95-беттеги кыстырма]
«Эгер баарын кайра баштаганга мүмкүнчүлүк берилсе, досумдан жеткилеңдикти күтмөк эмесмин. Мен аны көбүрөөк уга билмекмин, ага колдоо көрсөтмөкмүн. Анын кемчилик-каталарына көңүл бура бербейт болчумун. Ортодогу кыйынчылыктарга, көйгөйлөргө туруштук берсең, достук ого бетер бекемделерин азыр түшүнүп жатам» Кинон
[94-беттеги сүрөт]
Ыдыраган достукту, айрылган кийимди тиккен сыяктуу эле, «тигип» койсо болот