«Эч ким эч качан бул адамдай сүйлөгөн эмес»
«Бардыгы Аны кубатташты. Анын оозунан чыккан керемет сөздөрүнө таң калышты» (Лука 4:22).
1, 2. а) Ыйсаны кармап келүүгө жиберилген кызматчылар эмне үчүн кур кол кайтып келишкен? б) Ыйсанын окутуусу жалгыз эле ошол кызматчыларга таасир калтырбаганын эмне көрсөтүп турат?
КЫЗМАТЧЫЛАР берилген тапшырманы орундата албай кайтышкан. Алар Ыйса Машайакты кармап келүүгө жиберилген болчу, бирок кур кол кайтып келишкен. Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер: «Эмне үчүн Аны алып келген жоксуңар?» — деп, себебин түшүндүрүүнү талап кылышкан. Чын эле, эмне үчүн кызматчылар эч бир каршылык көрсөтпөгөн адамды колго түшүрүп келишкен эмес? Мунун себебин кызматчылар: «Эч ким эч качан бул Адамдай сүйлөгөн эмес»,— деп түшүндүрүшкөн. Ыйсанын окутуусу аларга ушунчалык зор таасир эткендиктен, тынчтыкты сүйгөн адамды камакка алууга батына алышкан эмесa (Жакан 7:32, 45, 46).
2 Ыйсанын окутуусу жалгыз эле ошол кызматчыларга таасир калтырган эмес. Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, анын сөздөрүн угуу үчүн эле канчалаган адамдар келип турган. «Анын оозунан чыккан керемет сөздөрүнө» өсүп-чоңойгон шаарындагы адамдар да таң калышкан (Лука 4:22). Ал бир нече жолу Галилея деңизинин жээгине чогулган көп сандаган элге кайыкта отуруп сүйлөгөн (Марк 3:9; 4:1; Лука 5:1—3). Бир жолу болсо «көп эл» Ыйсанын жанында жадагалса ооздоруна наар албай бир нече күн бою жүргөн (Марк 8:1, 2).
3. Ыйсанын көрүнүктүү окутуучу болгонунун негизги себеби эмнеде эле?
3 Ыйса эмнеден улам көрүнүктүү окутуучу болгон? Негизги себеп сүйүүдөb. Ыйса өзү үйрөткөн чындыктарды жана адамдарды жакшы көргөн. Андан тышкары, ал окутуунун өзгөчө ыкмаларын колдоно билген. Ушул жана кийинки изилдөө макалаларында Ыйса колдонгон натыйжалуу ыкмалардын айрымдары жана аны кантип туурай аларыбыз талкууланат.
Жөнөкөйлүк жана айкындык
4, 5. а) Эмне үчүн Ыйса башкаларды окутууда түшүнүктүү сөздөр менен сүйлөгөн жана мунун кандай өзгөчөлүгү бар? б) Кандайча Тоодогу насаат Ыйсанын жөнөкөйлүк менен окуткандыгына мисал боло алат?
4 Илим-билимдүү адамдар угуучуларына түшүнүксүз сөздөрдү көп колдонушат. Бирок биздин сүйлөгөн сөздөрүбүздү башкалар түшүнбөсө, билимдүүлүгүбүздөн эмне пайда? Окутуучу катары Ыйса эч качан башкаларга түшүнүксүз болгон сөздөрдү колдонгон эмес. Анын сөз байлыгы, билими канчалык күчтүү болгонун элестетип көргүлөчү. Ошентсе да ал өзүн эмес, угуучуларын ойлогон. Ыйса алардын көбүнүн «окубаган, жөнөкөй адамдар» экенин билген (Элчилер 4:13). Алардын жүрөгүнө жетиш үчүн, ошондой адамдар түшүнгөн сөздөрдү колдонгон. Анын сөздөрү жөнөкөй болгону менен, терең чындыктарды камтыган.
5 Мисалга Матай 5:3—7:27-аяттарда жазылган Тоодогу насаатты алып көрөлү. Аны Ыйса 20 мүнөттө эле айтып бере алмак. Ошентсе да андагы терең окууларда ойноштук, ажырашуу, дүнүйөкордук сыяктуу маселелердин өзөгү каралат (Матай 5:27—32; 6:19—34). Бирок татаал же ыгы жок көркөм сөз айкаштары камтылбайт. Чынында, ал насааттан кичинекей балага түшүнүксүз болорлук сөздүн табылышы да күмөн! Ошондуктан Ыйса сөзүн аяктаганда, элдин (анын ичинде көптөгөн дыйкандар, койчулар жана балыкчылар болсо керек) «Анын окутуусуна таң калганы» бекеринен эмес! (Матай 7:28).
6. Ыйсанын жөнөкөй, бирок мазмундуу сөздөрдү колдонгонуна мисал келтиргиле.
6 Көп учурда Ыйса терең мазмундуу ойлорду айкын, кыска фразалар менен эле берип койчу. Ошентип ал өзүнүн кабарын угуучуларынын акылына жана жүрөгүнө жеткирген. Кээ бир мисалдарга көңүл бурсаңар: «Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт... Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар». «Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар». «Аларды жемиштеринен билип аласыңар». «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек». «Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт». «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле». «Алганга караганда берген жакшы» (Матай 6:24; 7:1, 20; 9:12; 26:52; Марк 12:17; Элчилер 20:35)c. Ыйса бул залкар сөздөрдү 2000 жылдай мурун айткан болсо да, алар адамдардын эс-тутумунда алигече жашап келет.
Суроолорду колдонуу
7. Ыйса суроолорду эмне үчүн колдонгон?
7 Ыйса суроолорду эң сонун колдоно билген. Ал угуучуларына негизги ойду айтып коюу тезирээк болгон учурда да суроолорду колдонгон. Эмне үчүн? Курч суроолордун жардамы менен ал кээде каршылаштарынын арам ойлорун ашкерелечү; ошондо алар үн дей албай калышчу (Матай 12:24—30; 21:23—27; 22:41—46). Бирок көп учурларда Ыйса суроолорду колдонуп рухий чындыктарды ачып берген, угуучуларынын түпөйүл ойлорун биле алган жана шакирттерин ой жүгүртүүгө үйрөтүп, ойлонгонго түрткү берген. Келгиле, азыр элчи Петирге байланышы бар эки мисалды карап көрөлү.
8, 9. Петирге салык төлөө маселеси боюнча туура жыйынтыкка келүүгө жардам берүүдө Ыйса суроолорду кантип колдонгон?
8 Адегенде салык жыйноочулардын Петирден Ыйса ийбадаткана салыгын береби деп сурашканын эстесеңерd. Кээде шашкалактап кетмейи бар Петир: «Берет»,— деп жооп берип коёт эмеспи. Бир аздан кийин Ыйса аны менен ой калчашып: «„Кандай деп ойлойсуң, Шымон, бул дүйнөдөгү падышалар алык-салыкты кимден алышат: өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби?“ — деп сурайт. „Бөтөн кишилерден“,— дейт Петир. Ыйса ага: „Демек... уулдары салык төлөшпөйт экен да“,— дейт» (Матай 17:24—27). Ыйсанын суроолорунун мааниси Петирге эми айкын түшүнүктүү болсо керек. Эмне себептен?
9 Ыйсанын убагында монархтардын үй-бүлө мүчөлөрү салык төлөөгө милдеттүү эмес болчу. Ошондуктан Ыйса ийбадатканада ыйык тутулган асмандагы Падышанын жалгыз өзү жараткан Уулу катары салык төлөөгө тийиш эмес эле. Байкасаңар, Ыйса Петирге туура жоопту эле айтып койбостон, натыйжалуу, бирок жумшак суроолорду колдонуп, ага туура жыйынтыкка келүүгө, ошондой эле, чамасы, бирөөгө бир нерсе айтардын алдында кылдат ойлонуу керектигин түшүнүүгө жардам берген.
10, 11. Петир б.з. 33-жылындагы Пасах түнүндө бир кишинин кулагын шылый чапканда Ыйса эмне деген жана кандайча мындан Ыйсанын суроолордун баасын билгени көрүнүп турат?
10 Экинчи мисал бир топ адамдын б.з. 33-жылындагы Пасахта түнкүсүн Ыйсаны кармаш үчүн келгендеги окуяга байланыштуу. Шакирттер Ыйсадан аны коргоп салгылашыш керекпи деп сурашкан (Лука 22:49). Петир жоопту күтпөй эле, кылычын алып чыгып, бир кишинин кулагын шылый чапкан (балким, ал андан да олуттуураак зыян келтирүүгө ниеттенген чыгар). Петирдин бул жоругу устатынын эркине каршы келген, себеби Ыйса өзү колго түшүп берүүгө толук даяр болчу. Буга Ыйса эмне деген? Сабырдуулугунан жазбаган Ыйса Петирге төмөнкү үч суроону берген: «Атам берген чөйчөктөн ичпей коймок белем?» «Атамдан азыр жардам сурап ала албайт деп ойлойсуңбу? Ал Мага он эки түмөндөн көп периштени жиберер. Ушундай болуш керектигин билдирген Ыйык Жазуулар анда кантип аткарылмак?» (Жакан 18:11; Матай 26:52—54).
11 Бир саамга ойлонуп көрсөңөр. Жаалданган адамдардын курчоосундагы Ыйса өлөрүнө аз калганын, ошондой эле Атасынын ысмынын акталышы жана адамзаттын куткарылуусу анын мойнунда экенин билген. Буга карабастан, ал дал ошондой учурда суроолордун жардамы менен маанилүү чындыктарды Петирдин акылына сиңирүүгө убакыт арнаган. Мындан Ыйсанын суроолордун баасын билгени көрүнүп турган жокпу?
Айкын түшүнүктүү гипербола
12, 13. а) Гипербола деген эмне? б) Бир туугандарыбыздын майда-чүйдө кемчиликтерин сынга алуунун акылсыздыкка жатарын баса көрсөтүү үчүн, Ыйса гиперболаны кантип колдонгон?
12 Ыйса өзүнүн кызматында окутуунун дагы бир натыйжалуу ыкмасын — гиперболаны — арбын колдонгон. Гипербола — бул баса белгилөө максатында атайлап ашыра айтуучулук. Анын жардамы менен Ыйса оңой эсте каларлык ой-элестерди жараткан. Буга карата бир нече мисал карап көрөлү.
13 Тоодогу насаатында Ыйса башкаларды айыптоонун туура эмес экенин баса көрсөтүп: «Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң»,— деп айткан (Матай 7:1—3). Элестетип көрсөңөр: сынчылдыкка жакын бир адам бир тууганынын «көзүнөн» кипкичинекей болгон кыпынды чыгарып берүүнү сунуш кылат. Сынчыл адам бир тууганына алгылыктуу чечим чыгаруу үчүн иштин жөнүн даана көрө албайсың деп доо койгондой. Бирок өзүнүн көзүндөгү «дөңгөч» — үйдүн чатырын кармап туруучу жыгач же устун — анын баа берүү жөндөмдүүлүгүн начарлатып турат. Өзүбүздүн кемчиликтерибиз оркоюп турганда, бир туугандарыбыздын майда-чүйдө кемчиликтерин сынга алуунун канчалык акылсыздыкка жатарын баса белгилөө үчүн, кандай гана унутулгус ыкма колдонулган!
14. Ыйсанын чиркейди чыпкалап, төөнү жутуу жөнүндөгү сөздөрү эмне үчүн өзгөчө күчтүү гипербола болгон?
14 Дагы бир жолу Ыйса фарисейлерди «чиркейди чыпкалап, төөнү жуткан сокур жол көрсөткүчтөр» деп айыптаган (Матай 23:24, ЖД). Бул гиперболанын колдонуунун күчтүү мисалы болгон. Эмнеге? Ыйсанын угуучулары эң чоң жаныбарлардын бири болгон төө менен кымындай чиркейдин ортосундагы айырмачылык асман менен жердей экенин билишчү. Эсептөөлөр боюнча, орто көлөмдөгү төөнүн салмагын 70 миллион чиркей теңдейт! Ошондой эле Ыйса фарисейлердин шарапты дакиден өткөрүшөрүн билген. Эрежелерге ашкере катуу карманган ал адамдар чиркей жутуп алып арамдалып калбаш үчүн шарапты чыпкалашар эле. Ошол эле учурда төөнү (ал да арам деп эсептелчү) өтмө мааниде жутуп коюшчу (Лебилер 11:4, 21—24). Ыйсанын муну менен эмне айткысы келгени айгине. Фарисейлер Мыйзамдын талаптарын майда-чүйдөсүнөн бери аша чаап так аткарышкан, бирок эң негизги нерселерди: «акыйкаттыкты, ырайымдуулукту жана ишенимди» таштап коюшкан (Матай 23:23). Ыйса алардын чын-чынында кандай адамдар экенин ачык-айкын көрсөткөн!
15. Ыйса колдонгон айрым гиперболалардан эмнеге үйрөнөбүз?
15 Ыйса кызматында гиперболаны көп эле колдонгон. Айрымдарына көңүл бурсаңар. «Сары кычы данындай эле [болгон] ишеним» тоону жылдыра алат: кымындай эле ишеним менен көп нерселерди ишке ашырууга болорун баса белгилөө үчүн, мындан өткөн натыйжалуу ыкма барбы?! (Матай 17:20). Килейген төө ийненин көзүнөн өтүүгө аракет кылат: бай адамдын Кудайга кызмат кылууга аракеттенүү менен бирге дүнүйөкорлукка умтулуп жашашы канчалык кыйын экени кандай сонун көрсөтүлгөн! (Матай 19:24). Ыйсанын каймана тилди айкын-так колдонгону жана аз эле сөз менен зор таасир калтыра алганы бизди таң калтырбай коёбу?
Төгүндөлгүс логика
16. Ыйса өзүнүн курч акылн ар убак кандай максатта пайдаланган?
16 Акылы жеткилең болгондуктан, Ыйса адамдар менен жүйөлүү ой жүгүртө билген. Бирок ал бул шыгын кыянат колдонгон эмес. Башкаларды окутууда дайыма өзүнүн курч акылын чындыкты жактоо үчүн пайдаланган. Кээде ал күчтүү логиканы динчил каршылаштарынын жалааларын төгүнгө чыгаруу үчүн колдонгон. Көп учурда шакирттерин маанилүү нерселерге үйрөтүү үчүн логикалык ой жүгүртүүнү колдонгон. Эмесе, Ыйсанын логиканы колдоно билүү чеберчилигине токтолуп көрөлү.
17, 18. Ыйса фарисейлердин айыптоолорунун жүйөсүздүгүн көрсөтүү үчүн кандай күчтүү логиканы колдонгон?
17 Ыйсанын жин оорулуу, сокур жана дудук адамды айыктарганына байланышкан окуяны карап көрөлү. Ал керемет тууралуу уккан фарисейлер: «Жиндерди Ал жиндердин башчысы Белзебулдун [Шайтандын] күчү менен кууп чыгарып жатат»,— дешкен. Фарисейлердин Шайтандын жиндерин кууп чыгарыш үчүн табияттан тышкаркы күч керектигин моюнга алышканын байкасаңар. Бирок алар адамдар Ыйсага ишенбесин деп ал күч Шайтанга таандык дешкен. Алардын ойлору чийки жана логикалуу корутундусу жок экенин көрсөтүп, Ыйса мындай деп жооп берген: «Ич ара бөлүнгөн падышачылык кулайт. Ич ара бөлүнгөн шаар кыйрайт, ич ара бөлүнгөн үй-бүлө бузулат. Эгерде шайтан шайтанды кууп чыгып жатса, анда ал өзүнө өзү каршы чыгып жаткан экен да?! Анда анын падышачылыгы кантип турат?» (Матай 12:22—26). Башкача айтканда, Ыйса: «Эгер мен, өзүңөр айткандай, Шайтандын кишиси болсом жана анын иштерин бузуп жатсам, анда Шайтан өзүнүн кызыкчылыктарына тетири иш кылып жаткан болмок жана аз күндө кыйратылмак»,— деген. Күчтүү логика колдонулганын ким танат!
18 Ыйса алар менен андан ары да ой калчашкан. Ал фарисейлерди жактоочулардын кээ бирлери жиндерди кууп чыгарып жүргөнүн билчү. Ошондуктан: «Эгерде Мен жиндерди Белзебулдун күчү менен кууп чыгарып жаткан болсом, анда силердин кишилериңер кимдин күчү менен кууп чыгарып жатышат?» — деп жөнөкөй, бирок тигилерди жарга такаган күчтүү суроо берген (Матай 12:27). Бөлөк сөздөр менен айтканда, Ыйса: «Эгер, чынында, мен жиндерди Шайтандын күчү менен кууп чыгарып жатсам, анда өзүңөрдүн шакирттериңер деле ошол күч менен аракеттенип жаткан турбайбы»,— деп айткан. Буга фарисейлер эмне дей алышмак? Алар өз шакирттеринин Шайтандын күчү менен аракеттенип жатышканын эч качан моюнга алышмак эмес. Төгүндөлгүс логиканын жардамы менен Ыйса алардын айыптоолорунун жүйөсүздүгүн көрсөткөн.
19, 20. а) Кандайча Ыйса логиканы дем-кубат берерлик жол менен колдонгон? б) Шакирттери тиленүүгө үйрөтүүнү суранышканда, Ыйса «андан бетер» деген сөздөрдү камтыган ой жүгүртүү ыкмасын кантип колдонгон?
19 Ыйса логиканын жардамы менен каршылаштарынын оозун тык басуу менен бирге, Жахаба тууралуу дем-кубат берерлик жана жүрөк кубантарлык чындыктарды үйрөтүү үчүн логикалуу, ынандырарлык жүйөлөрдү да колдонгон. Бир канча жолу ал «андан бетер» деген сөздөрдү камтыган ой жүгүртүү ыкмасын колдонуп, угуучуларына тааныш көрүнүштүн жардамы менен аларды башка нерсеге ынандыра алган. Буга байланыштуу болгону эки мисал карап көрөлү.
20 Шакирттери тиленүүгө үйрөтүүнү суранышканда, Ыйса кош көңүл досун «тажаткандыгынан улам» өтүнүчүн канааттандыра алган бир адам тууралуу көрсөтмөлүү мисал айтып берген. Ыйса ата-энелердин балдарына «жакшы нерселерди берүүгө» ынтызар экенин да белгилеген. Анан ал: «Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, андан бетер Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берет»,— деп сөзүн жыйынтыктаган (Лука 11:1—13). Ыйса белгилеген ой окшоштукка эмес, айырмачылыкка негизделет. Эгерде кош көңүл дос жакынынын муктаждыгын канааттандырууга көнсө, эгерде жеткилеңсиз ата-энелер балдарынын муктаждыктарына кам көрсө, асмандагы мээримдүү Атабыз ага момундук менен тиленген өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына ыйык рухун андан бетер берет эмеспи!
21, 22. а) Ыйса материалдык нерселерге байланыштуу тынчсызданууну жеңүүгө карата кеңеш бергенде ой жүгүртүүнүн кандай ыкмасын колдонгон? б) Ыйсанын окутуу ыкмаларынын бир нечесин карап чыккан соң, кандай жыйынтыкка келебиз?
21 Ошо сыяктуу эле ой жүгүртүү ыкмасын Ыйса материалдык нерселерге байланыштуу тынчсызданууну жеңүүгө карата кеңеш бергенде колдонгон. Ал мындай деген: «Каргаларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт. Алардын сактай турган жери, кампасы да жок, бирок Кудай аларды азыктандырат. Силер канаттуулардан канча эсе артыксыңар. Лилия гүлдөрүнүн кандай өсүп турганын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт... Эгерде Кудай бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү ушундай кийиндирсе, анда силерди андан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!» (Лука 12:24, 27, 28). Ырас, эгер Жахаба канаттуулар менен гүлдөргө кам көрсө, өзүнүн кызматчыларына ого бетер кам көрбөйбү! Ушундай жылуу, ошол эле учурда күчтүү ой жүгүртүү менен Ыйса угуучуларынын жүрөгүнө зор таасир эткени шексиз.
22 Ыйсанын окутуу ыкмаларынын бир нечесин карап чыккан соң, биз аны колго түшүрбөй келген кызматчылар: «Эч ким эч качан бул Адамдай сүйлөгөн эмес»,— дегенде түк да ашыра айтышкан эмес экен деген жыйынтыкка келе алабыз. Бирок Ыйса көрсөтмөлүү мисалдарды (үлгү-насаат аңгемелерди) колдонгондугу менен көбүрөөк таанымал. Бул ыкманы ал эмне үчүн колдонгон? Анын көрсөтмөлүү мисалдары эмнеден улам ушунчалык натыйжалуу болгон? Бул суроолор кийинки макалада талкууланат.
[Шилтемелер]
a Кыязы, бул кызматчылар Синедрионго кызмат кылып, башкы кызмат кылуучуларга баш ийишкен.
b «Мен силерге үлгү көрсөттүм» жана «Күн сайын артымдан ээрчигиле» деген макалаларды карагыла. “Күзөт мунарасы”, 2002-ж., 15-авг.
c Элчилер 20:35де жазылган бул үзүндүнү элчи Пабыл гана келтирген. Бирок ал сөздөрдөгү ой Инжилдерде да бар. Пабыл ал сөздөрдү оозеки уккан (же Ыйсанын оозунан уккан шакирттердин биринен, же тирилген Ыйсадан) же Кудайдан аян түрүндө алган окшойт (Элчилер 22:6—15; 1 Корунттуктарга 15:6, 8).
d Жүйүттөр ийбадатканага жыл сайын эки күмүш тыйын (болжол менен эки күндүк эмгек акы) наркында салык төлөп турууга тийиш эле. Салыктан түшкөн каражат ийбадатканага кам көрүүгө, ал жердеги кызматтын өткөрүлүшүнө жана эл үчүн күн сайын курмандыктардын чалынып турушуна жумшалчу.
Эсиңердеби?
• Ыйсанын окутуу ыкмаларынын жөнөкөй жана айкын болгонун кайсы мисалдар көрсөтүп турат?
• Ыйса башкаларды окутууда суроолорду эмне үчүн колдонгон?
• Гипербола деген эмне жана Ыйса окутуунун бул ыкмасын кантип колдонгон?
• Шакирттерине Жахаба жөнүндөгү жүрөк кубантарлык чындыктарды үйрөтүү үчүн, Ыйса логикалуу ой жүгүртүү ыкмасын кантип колдонгон?
[18-беттеги сүрөт]
Фарисейлер «чиркейди чыпкалап, төөнү жутушкан».