17 Сот жүргүзгөндө бет карамалык кылбагыла+. Карапайымдарды да, жогорку даражалууларды да бирдей уга билгиле+. Адамдардан коркпогула+, анткени сот жүргүзгөндө силер Кудайдын өкүлү катары кызмат кыласыңар+. Оор маселелер болгондо мага айткыла, аларды мен угайын“,— дегем+.
4 бей-бечараларды адилдик менен соттойт+, жер жүзүндөгү мүнөзү жумшактарга болушуп, акыйкаттык менен ашкерелейт. Жерди оозунан чыккан таяк менен урат+, ыймансызды эриндеринен чыккан рух менен өлтүрөт+.
3 Жахаба мындай дейт: “Акыйкаттык жана адилдик боюнча иш кылгыла, мүлкүн тарттырып жибергендерди митаамдардын колунан куткаргыла, келгинди да, жетимди да, жесирди да кысымга албагыла+. Аларга зордук-зомбулук кылбагыла+. Бул жерде жазыксыз кан төкпөгүлө+.
11 Анан мен ачылган асманды жана ак боз атты көрдүм+. Анын үстүндө отурган Ишенимдүү+ жана Чыныгы+ деп аталат. Ал адилдик менен сот жүргүзүп, адилдик менен согушат+.